15-июндан тартып халал-индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талабын бузгандарга жоопкерчилик каралат
www
11 июнь

15-июндан тартып халал-индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талабын бузгандарга жоопкерчилик каралат

2026-жылдын 15-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирип, халал-индустрия чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандык үчүн административдик жоопкерчилик каралат.

Жаңы 385¹-беренеге ылайык, халал-продукцияларды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда белгиленген талаптарды бузгандыгы, ошондой эле тастыктоочу документтерсиз халал-продукцияларды жана халал-кызматтарды сунуштагандыгы үчүн айып пулдар каралган.

Мыйзам ошондой эле халал сертификаттарын жасалмалоого, маркировканы бурмалоого жана керектөөчүлөрдү адаштырууга каршы чараларды күчөтөт.

Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн кеңешмеде жаңы нормаларды ишке ашыруу, ведомстволор аралык кызматташтык жана мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Өзгөртүүлөр халал-индустриядагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.