Кыргызстандагы насыялар: Бишкек жана Жалал-Абад алдыда
2025-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстандагы коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар тарабынан берилген кредиттердин жалпы көлөмү 417,6 млрд сомду түздү. Анын ичинен 417,5 млрд сом – иштеп жаткан кредиттер, ал эми лицензиясы кайтарылып алынган же ликвидация стадиясындагы уюмдардын кредиттери 47 млн сомго жетти.
Улуттук банктын маалыматына караганда, аймактар боюнча кредиттердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүчө болду:
- Бишкек – 211,5 млрд сом, анын ичинде кредиттик уюмдар берген сумма 19,3 млрд сом;
- Жалал-Абад облусу – 43,8 млрд сом (7,4 млрд сом);
- Чүй облусу – 35,3 млрд сом (8,5 млрд сом);
- Ош облусу – 30,5 млрд сом (8,1 млрд сом);
- Ысык-Көл облусу – 28,6 млрд сом (4,9 млрд сом);
- Ош шаары – 25,5 млрд сом (3,1 млрд сом);
- Талас облусу – 13,5 млрд сом (1,9 млрд сом);
- Нарын облусу – 12,6 млрд сом (2,6 млрд сом);
- Баткен облусу – 16,3 млрд сом (3,1 млрд сом).
Демек, кредиттик портфелдин негизги бөлүгү борбордо жана ири аймактарда топтолгон. Кредиттердин эң чоң көлөмү кичинекей жана орто бизнести колдоого багытталган.
