Энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна байланышкан мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды
10 март

Энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна байланышкан мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү жана өнүктүрүү. Негизги милдети бул объекттер үчүн орнотулган кубаттуулуктун чегин 30дан 50 МВтка чейин жогорулатуу.