Бишкекте айыл чарбасын каттоого даярдык боюнча координациялык жыйын өттү
2026-жылдын 10-мартында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү маселесине арналган координациялык жыйын өттү.
Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары видеоконференция форматында катышты.
Жыйынды суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков алып барды. Онлайн форматта ар бир район менен түз байланыш түзүлүп, жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери боюнча маалыматтар угулду.
Райондордун өкүлдөрү айыл чарбасын каттоо өнөктүгүнө карата тиешелүү уюштуруу жана даярдык иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Алар каттоо кампаниясын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Жыйындын жүрүшүндө министр айыл чарбасындагы маалыматтарды тактоо жана системалаштыруу мамлекет үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Анын айтымында, каттоо иши өлкөдөгү айыл чарба тармагынын реалдуу абалын аныктоого, асыл тукум малдын санын тактоого жана тармакты өнүктүрүү боюнча натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле асыл тукум мал боюнча маалыматтарды электрондук форматта, тиешелүү фото-сүрөттөрү менен чогултуу, асыл тукум малдын толук тизмесин түзүү жана маалыматтарды тактоо иштерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, мамлекеттик жер фондунан айыл чарба багытында убактылуу пайдаланууга берилген жерлер боюнча маалыматтарды тактоо, ижарачылардын тизмесин тиешелүү облустук жана райондук статистикалык органдарга берүү милдети коюлду.
Каттоо иштерин уюштурууда санариптик платформаларды пайдалануу маанилүү экени айтылып, маалыматтарды чогултуу Улуттук статистика комитетинин платформасы аркылуу жүргүзүлөрү белгиленди. Бул максатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жооптуу кызматкерлер үчүн окутуу иштери уюштурулуп, маалыматтарды толтуруунун тартиби түшүндүрүлүүдө.
Белгилей кетсек, Айыл чарбасын каттоо өнөктүгү 20-марттан 10-апрелге чейин, башкача айтканда, 20 күндүн ичинде жүргүзүлөт. Ар бир айыл жана район боюнча жооптуу кызматкерлер тартылып, тиешелүү уюштуруу иштери аткарылат.
