Касымалиев курулуштарга уруксат алуу жана ишкерлерге справка топтоо көйгөйү кандай чечилгенин айтты
19 декабрь

Касымалиев курулуштарга уруксат алуу жана ишкерлерге справка топтоо көйгөйү кандай чечилгенин айтты

18-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин аталган кызмат ордуна дайындалганына бир жыл болду. Буга байланыштуу ал ЭлТР телеканалына маек куруп, бир жыл ичинде жасалган иштердин орчундууларына токтолду. 

Айтымында, санариптештирүү аркылуу көп көйгөйдү бир убакта чечүүгө мүмкүн болду. 

“Кээ бир ишкерлер справка алуу үчүн айлап-жылдап жүрүүгө туура келчү экен. Булардын баарын жөнөкөйлөштүрүү максатында 100 күндүе тапшырма бердим, ал аткарылып жатат. 

Кытайдан бизге абдан көп товарлар келет. Аларды алып келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 2-3 мамлекеттик органга барып справка топтоп, бир жумадай убактысын кетиришкен. Анын баарын санариптештирдик эле, эми алар эч кайда барбай бир нече сааттын ичинде керектүү справкаларды ала алышат. Бүгүнкү күндө товарларды биз аркылуу өткөрүш үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек”, – деди ал. 

Ошондой эле, МинКаб төрагасы белгилегендей, курулушка уруксат алуу дагы жеңилдеди. Буга чейин уруксат алууга жарым жылдан бир жылга чейин күтүүгө туура келсе, азыр: 

  • ири курулуштарга – 60 күн; 
  • орто курулуштарга – 30 күн;
  • кичи курулуштарга (жеке турак жай ж.б.) – 20 күн гана мөөнөттө бүткөрүлөт.