Кыргызстандагы ломбарддар 1-июлдан баштап уставдык капиталын 7 млн сомго чейин көбөйтүшү керек
22 июнь

Кыргызстандагы ломбарддар 1-июлдан баштап уставдык капиталын 7 млн сомго чейин көбөйтүшү керек

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) ломбарддык уюмдарга уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата жаңы талаптарды эске салды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы №50 токтомуна ылайык, «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн этап-этабы менен көбөйтүү каралган.

Ага ылайык, төмөнкү талаптар белгиленген:

— 2025-жылдын 1-январынан тартып – кеминде 3 млн сом;
— 2026-жылдын 1-июлунан тартып – кеминде 7 млн сом;
— 2027-жылдын 1-июлунан тартып – кеминде 14 млн сом;
— 2028-жылдын 1-июлунан тартып – кеминде 20 млн сом.

Финкөзөмөл ломбарддардын жетекчилерин жана уюштуруучуларын уставдык капиталды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча алдын ала чараларды көрүүгө жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоого чакырды.