Кыргызстандын экономикасына рекорддук 157 млрд сом инвестиция салынган
22 июнь

Кыргызстандын экономикасына рекорддук 157 млрд сом инвестиция салынган

Кыргызстанда инфраструктураны куруу жана модернизациялоо иштери жогорку темп менен уланууда. 2026-жылдын январь-май айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 157 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 63,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өсүш ички жана тышкы каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалды. Ички инвестициялардын көлөмү 1,6 эсеге, ал эми тышкы инвестициялар 2,3 эсеге көбөйгөн.

Жалпы инвестициялардын 80 пайыздан ашыгы транспорттук инфраструктураны, энергетиканы, соода тармагын, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин, социалдык объектилерди, ошондой эле турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталган.

Өсүштү камсыз кылган ири долбоорлордун бири — «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасы болду. Үстүбүздөгү жылдын беш айында анын алкагында 1 миң 848 батирдин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, өлкөдө жалпы баасы 25,7 млн сомду түзгөн үч амбулаториялык-поликлиникалык мекеме пайдаланууга берилип, бир катар энергетикалык объектилер ишке киргизилди.

Жалал-Абад облусунда кубаттуулугу 4,8 МВт болгон «Кайнама-2» чакан ГЭСи ишин баштады. Чүй облусунда «Сокулук» жана «Туюк» чакан гидроэлектр станциялары пайдаланууга берилсе, Ош облусунда электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган беш жаңы энергетикалык объект ишке кирди.

Ири долбоорлордун катарында Баткен облусунда курулган «Суу-Башы» жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун өзгөчө белгилөөгө болот. Бул объект 2,2 миңден ашык турак жайды, «Баткен Сити» турак жай массивин, өнөр жай аймагын, 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадионду, «Чет-Булак» кварталын, Жаңы-Достук жана Бужум айылдарын, ошондой эле курулуп жаткан орус мектебин туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Масштабдуу инвестициялардын натыйжасында курулуш тармагы экономиканын эң тез өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп калды. Январь–май айларында аткарылган курулуш иштеринин көлөмү 150,5 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64,6 пайызга өстү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш тармагы ички дүң өнүмдүн өсүшүнө 3,58 пайыздык пункт салым кошуп, анын өлкө экономикасындагы үлүшү 7,5 пайызга жетти.