Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 кг коон артка кайтарылды
19 август

Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 кг коон артка кайтарылды

Жалал-Абад облусунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 килограмм коон продукциясы аныкталды.

Аталган жүк Жалал-Абад облусундагы «Кең-Сай» фитосанитардык контролдук посту аркылуу жеңил автоунаа менен ташылып келген.

Текшерүү учурунда жүккө тиешелүү коштоочу документтер жана фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.

Ушуга байланыштуу Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө башкармалыгынын адистери тарабынан тиешелүү фитосанитардык текшерүү жүргүзүлдү.

Мыйзам талаптарына ылайык, фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 150 килограмм коон продукциясы Өзбекстан Республикасына артка кайтарылды.

Фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты — Кыргызстандын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин жана өсүмдүктөрдүн ооруларынын киришине жана таралышына жол бербөө, ошондой эле импорттолуп жаткан өсүмдүк продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу.