Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды
Караколдун лыжа базасында 2024-жылдын кышкы туристтик сезону расмий ачылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиевдин айтымында, бул жылы Ысык-Көл облусуна алдын ала маалыматтарга ылайык 2 миллионго жакын турист келип, анын 300 миңден ашууну чет өлкөлөрдөн болгон.
"Президент Садыр Жапаровдун туризмге өзгөчө көңүл буруп жаткандыгынын натыйжасында, Караколдогу лыжа базасына баруучу 3 чакырым жол оңдолуп, “Үч чоку” жана “Каркыра резорт” сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылууда,” — деп белгиледи Арпачиев.
