7,6 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ири көлөмдөгү дары-дармектерди жана ар кандай эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюшту.
Тактап айтканда, жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда өлкөнүн аймагына товарларды алып кирүү үчүн талап кылынган тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр аныкталды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз товарлардын жалпы баасы 7,6 млн сомдон ашат.
