Нурдан Орунтаев Үрүмчү шаарындагы курулуш заводдору менен таанышты
Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Үрүмчү шаарында министрди Синьцзян-Уйгур автоном районунун турак жай курулушу жана шаарларды өнүктүрүү департаментинин башкы директорунун орун басары Ван Цэ мырза тосуп алды.
Иш сапардын максаты-Үрүмчү шаарынын курулуш материалдары тармагындагы өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу, ошондой эле Синьцзян-Уйгур автоном районундагы өндүрүүчү заводдор менен кызматташтык байланыштарды түзүү.
Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарына Курулуш министри менен бирге Кыргызстандагы 30га жакын курулуш компанияларынын жетекчилери да барды.
