Аскар Акаев Садыр Жапаровго "экономикалык керемет" үчүн кошумча мандат берүү сунушун түшүндүрдү
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Ысык-Көл форумунда "Кыргыз экономикалык кереметин" ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүүнү сунуштаганы боюнча түшүндүрмө берди.
Акаев Би-Би-Сиге берген маегинде анын сөздөрү мамлекет башчысын кайра шайлоого түздөн-түз чакырык эмес, тескерисинче, өлкөдөгү азыркы экономикалык кырдаалга баа берүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, өткөн жылдарда Кыргызстандын экономикасы дүркүрөп өсүп, өнүгүп жатат.
"Бүгүнкү күнү Кыргызстанда сейрек кездешүүчү акыбал түзүлүп жатканын байкадым. Себеби, өзүңүздөр көрүп турасыздар, өткөн жылдарда Кыргызстандын экономикасы дүркүрөп өсүп, өнүгүп жатат. Үч жыл 10 пайыз менен өсүп жатат. Мындай өсүш Евразияда башка жок, - деди ал.
Ал дагы 5-6 жыл ушул темп, ушул тенденция сакталса, анда сөзсүз "экономикалык керемет" деп аталат.
"Экономика сегиз-он жыл 8-10 пайыз менен өссө эле "экономикалык керемет" жаралат. Андай кийин экономика туруктуу өсүүгө мүмкүнчүлүк алып калат. Ошондуктан менин сунушум – азыркы ошол кереметти жаратып жаткан президент Садыр Жапаров ошону улантып, аягына чыгарып берсин деген ой-пикирим, - деди Акаев.
