
Дохада азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы кыргыз-катар кызматташтыгы талкууланды
Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев аталган өлкөнүн муниципалитет министри Абдулла бин Хамад бин Абдулла Аль-Атия менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Тараптардын жолугушуусу 19-сентябрда Доха шаарында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнүн келечегин жана эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда тажрыйба алмашуунун жолдорун талкуулашты.
Мындан тышкары тараптар, азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык азык түлүк продукцияларын Катарга экспорттоо жана Доха шаарында уюштурулган көргөзмө-жарманкелерге кыргыз өндүрүүчүлөрүн катыштыруу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылды.