Ар бир үчүнчү кыргызстандык акыркы бир жылда акча жетишсиздигине туш болгон
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 сентябрь

Ар бир үчүнчү кыргызстандык акыркы бир жылда акча жетишсиздигине туш болгон

Кыргызстандыктардын үчтөн биринен көбү акыркы бир жыл ичинде акчасы жетишпей калган учурларга туш болгон. Бул тууралуу финансылык сабаттуулук боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн катышуучуларынын 35% билдирген.

Салыштыруу үчүн, 2021-жылы респонденттердин 45% финансылык кыйынчылыктарга туш болгонун белгилеген. Ал эми 2017-жылы мындай көйгөйгө кабылгандардын үлүшү 16% болгон.

Акча маселесин чечүүнүн эң кеңири тараган жолу катары жакындарынан жардам алуу бойдон калууда.

Респонденттердин 12% туугандарынан, досторунан же кошуналарынан карыз алышкан.

Дагы 5% кошумча жумуш издеп, 3% банктык насыяга кайрылган.

Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 45% күнүмдүк жашоо чыгымдарын кантип төлөй турганына тынчсызданарын, ал эми 59% акчасы жетишпей калат деп кооптонорун билдирген.

Кирешеси жогорку респонденттердин арасында да 41% каражат жетишпей калышы мүмкүн деп тынчсызданса, 31% учурдагы чыгымдарды төлөөгө кабатырланат.