МСК: 1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керек
8 апрель

МСК: 1-майга чейин салык декларациясын тапшыруу керек

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын өткөрүүдө, ал ушул жылдын 1-майына чейин уланат.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

  • жеке ишкерлер;
  • патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
  • чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КРнын жараны;
  • киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.

Бул этаптын алкагында декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү болгон:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.