2025-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү $2 млрд ашты
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, жетишилген көрсөткүчтөр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан ырааттуу экономикалык саясаттын жана натыйжалуу жетекчиликтин аркасында мүмкүн болду.
«Акыркы беш жылдын ичинде жарандардын жашоо-турмушу байкаларлык жакшырды, коюлган милдеттер этап-этабы менен ишке ашырылууда. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин аркасында мындан ары да бекемделүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүү 2 миллиард доллардан ашты. Алдыда дагы көптөгөн оң жыйынтыктар болоруна ишенем», – деп белгиледи дипломат.
Элчи эки тараптуу мамилелер ар кыл тармактарды камтып, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн чоң потенциалга ээ экенин да баса белгиледи.
