Кыргызстанда жүзүм эгүү жолго коюлду. Бир гектардан 40 тонна түшүм алууга болот
6 сентябрь

Кыргызстанда жүзүм эгүү жолго коюлду. Бир гектардан 40 тонна түшүм алууга болот

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен 2025–2030-жылдарга карата жүзүмчүлүктү өнүктүрүү долбоорунун алкагында климаты ылайыктуу аймактарда жүзүм көчөтүн эгүү иштери жолго коюлду.

Айыл чарба кооперативдери, биргелешкен уюмдар жана жеке фермерлер үчүн «Достук Кадырбек» жүзүм көчөт өндүрүүчү питомниги сапаттуу көчөттөрдү сунуштап, өлкө боюнча дегустация, семинар жана окууларды баштады.

Ишкер Эргашев Кабылбек учурдагы талаптарга ылайык чет элдик методикаларды колдонуу менен оорулары жок, түшүмдүүлүгү жогору кишмиш жана столдук сорттордун көчөттөрүн даярдап, дыйкандарга жеткирүүдө. Бир гектар жүзүм бактан орто эсеп менен 35–40 тонна түшүм алууга мүмкүн.

Бул демилге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана жүзүмгө болгон өсүп жаткан ички суроо-талапты канааттандырууда маанилүү роль ойнойт. Учурда коңшу өлкөлөрдөн импорттолуп жаткан жүзүмдү жергиликтүү өндүрүш менен алмаштыруу – негизги максаттардын бири.

Питомникте даярдалган сорттор:

Аватар, Маникюр Фингер, Хеллоин, Мерс, Дамский Палчик, Преображения, Кишмиш жана ар кандай столдук сорттор.