Чолпон-Атадагы ЕӨАК жыйыны: бир катар документтерге кол коюлду
Министрлер кабинети
7 август

Чолпон-Атадагы ЕӨАК жыйыны: бир катар документтерге кол коюлду

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

"Евразия экономикалык комиссиясынын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө 2025-жылга карата жылдык баяндамасы жөнүндө" тескеме;

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлар менен электрондук соода кылуу жөнүндө макулдашуу;

Евразия экономикалык биримдигине мүчө бир мамлекеттин брокерлеринин жана дилерлеринин мүчө башка мамлекеттердин биржаларындагы (соода уюштуруучуларындагы) уюштурулган соодага катышуусуна жол берүү жөнүндө макулдашуу;

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин чегинде окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;

"Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата жөнгө салуучулук таасирди баалоо жол-жоболорун жүргүзүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2024–2025-жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын отчету жөнүндө" тескеме;

"Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын убактысы жана өткөрүлүүчү жери жөнүндө" тескеме.