Кемин районундагы тоок фабрикасы 40 тоннадан тоок этин өндүрүүдө
Кемин районунда эки эт багытындагы тоок ишканасында 40 күн сайын 17 000ден балапан ишканага жеткирилет. Бул балапандар 40 күндө жетилип, союуга жана сатууга даяр болот.
Фабрика ар бир 40 күндө 40 тоннага жакын эт даярдалып иштетилет. Долбоор былтыркы жылы декабрда башталган жана натыйжасы жакшы болууда.
Тооктор Түркиядан алынып келинген жана рост-308 тукумундагы тооктор болуп, бир тирүү тооктун салмагы 2,9 кг чейин жетет.
Бул өндүрүштүн эти жергиликтүү завод-фабрикаларга дүң баада сатылып, керектүү учурда экспортко да жөнөтүлөт.
Кошумча маалымат:
Ишкана жергиликтүү экономиканы колдоого багытталган жана айыл чарба секторунда жаңы жумуш орундарын түздү.
Тооктордун өндүрүшү санитардык талаптарга ылайык жүргүзүлөт, дары-дармек менен алдын ала камсыздалган.
Бул долбоор айыл чарба кооперативдеринин, фермерлердин жана инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылууда, өлкөнүн эт менен камсыздуулугун жакшыртууга багытталган.
