Ош облусунда 220/110/10 кВ «Исанова» көмөк чордону курулат
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраевдин тапшырмасынын негизинде Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында кубаттуулугу 220/110/10 кВ болгон көмөк чордон курулат.
Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында, ири көлөмдөгү кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында электр тармактарын модернизациялоо жана чыңдоо каралган.
Анын алкагында 220/110/10 кВ «Исанова» көмөк чордонун куруу пландаштырылган. Бул долбоор 220/110/10 кВ, ар бири 200 МВА кубаттуулуктагы эки автотрансформаторду орнотууну, ошондой эле тиешелүү аба электр берүү чубалгыларын тартууну камтыйт. Атап айтканда:
- Эки чынжырлуу 220 кВ «Датка-Узловая» линиясынын отпайкасы,
- 110 кВ «Исанова – Кара-Кулжа» линиясы,
- 110 кВ «Исанова – Кара-Шоро – 1,2» линиясы,
- 110 кВ «Исанова – Каратай» линиясы.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор боюнча чыгымдар 35,5 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинде:
- МАР тарабынан 23,5 миллион АКШ доллары,
- ЗКФ тарабынан 10 миллион АКШ доллары жеңилдетилген насыя түрүндө,
- ЗКФ тарабынан 2 миллион АКШ доллары грант түрүндө каржыланган.
2024-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо макулдашуусуна кол коюлган.
Бүгүнкү күндө финансылык макулдашуулар боюнча бардык ички мамлекеттик процедуралар толук аяктады. Дүйнөлүк банктын процедураларына ылайык, 220/110/10кВ кВ «Исанова» көмөк чордонунун жана тиешелүү электр берүү чубалгыларынын курулушу боюнча подрядчикти тандоо жана курулушка көзөмөл жүргүзүү үчүн тендердик документтерди иштеп чыгуучу консалтинг компанияны тандоо конкурсу өткөрүлүүдө.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып, ал жабдууларды сатып алуу жана подряддык уюмдарды жалдоо боюнча тендердик процедураларды жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө, долбоор боюнча «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасы тиешелүү жер тилкелерин бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө.
