Өзбекстандан келаткан 24,9 тонна пияз артка кайтарылды
7 август

Өзбекстандан келаткан 24,9 тонна пияз артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад башкармалыгы тарабынан «Кең-Сай автожолу» карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Өзбекстан Республикасынан келген пияз артка кайтарылды.

Мамлекеттик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда импорттолуп келе жаткан 24,9 тонна пияз продукциясынын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталды.

Мыйзам талаптарына ылайык жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө уруксат берилбей, экспорттоочу тарапка кайра кайтарылды.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти мамлекеттик фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.