
ЖК комитети 2023-жыл үчүн өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселени карады
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-сентябрдагы отурумунда 2023-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе каралды.
Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2023-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, депутаттардын суроолоруна тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жооп беришти.
Талкуу учурунда депутат Алишер Эрбаев мамлекеттик бюджеттин 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн тактады. Финансы министринин орун басары 2023-жылы 357,7 млрд сом киреше түшсө, бюджеттин аткарылышы эски жылда 344,1 млрд сом болуп, 13,6% профицит менен жабылды деди. Эл өкүлү аймактарга өнүктүрүү фонддору аркылуу берилген каражаттар максатсыз пайдаланылып, айрым долбоорлор аягына чыкпай келе жатканын белгиледи. Депутат Жалолидин Нурбаев азык-түлүк коопсуздугу багытына көңүл буруп, материалдык резервдер фондуна дыйкандардын дан эгиндерин сатып алуу бааларынын төмөндүгү боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков аймактарда республикалык бюджеттин каражаттарын үнөмдөө жана максаттуу пайдалануу маселелерине көңүл бурду. Депутат Балбак Түлөбаев Эсептөө палатасынан 2023-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышында мыйзам бузган мамлекеттик органдарды сурады. Депутат Нурбек Алимбеков 2023-жылы каралган түрткү берүүчү гранддын суммасын сурап, анын аймактар боюнча аткарылышына токтолду. Келишим менен эл аралык уюмдардан келген каражаттардын өз убагында пайдаланылбай калганына токтолгон депутат Нилуфар Алимжанова анын кесепетинен бюджеттик чыгымга учураган жагдайлар бардыгын баса белгиледи.
Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев айыл чарба тармагындагы ички карыздардын суммасы 700 млн сомдон ашык экенин белгилеп, насыяны өз убагында өндүрүү жана эскилерин тизмеден чыгаруу маселесин айтты. Муну менен катар депутат ветеринардык тармактын бюджетин көбөйтүү сунушун айтты.
Мындан тышкары отурумунда «2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.