Быйылкы турсезон "Кыргызстанды майдын ритминде ач!" урааны менен башталат
20 апрель

Быйылкы турсезон "Кыргызстанды майдын ритминде ач!" урааны менен башталат

Үстүбүздөгү жылдын 1–11-майында, расмий майрамдык эс алуу күндөрүндө, Кыргызстан туристтик сезондун башталышын «Кыргызстанды майдын ритминде ач!» ураанынын алдында жарыялайт.

Туризм департаментинен билдиришкендей, бул майрам күндөрү өлкөнүн жашоочуларына жана конокторуна үй-бүлөсү менен чогуу эс алып, Кыргызстандын жашыл өрөөндөрүнөн жана бийик тоолуу көлдөрүнөн тартып, ден соолук чыңдоочу курортторго жана маданий борборлорго чейин саякаттоо мүмкүнчүлүгү сунушталат. Кыргызстандагы май айы — бул жаратылыштын жазгы сулуулугу менен жолугушуу, көчмөндөрдүн салттары менен таанышуу жана ар ким өзүнө шыктандырууну таба турган жерлерде эс алуу мезгили.

Бул демилге 2025–2030-жылдарга карата Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып, ички маршруттарды жайылтууга, аймактык туристтик демилгелерди колдоого жана өлкөнүн жаңы туристтик календарын түзүүгө багытталган.