Стамбулда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды
Стамбул шаарында 23-апрелде энергетика, электр жарыктандыруу жана акылдуу технологиялар боюнча “ELES Istanbul Expo 2026” аттуу ири эл аралык көргөзмөнүн алкагында “Түрк мамлекеттери менен экономикалык кызматташтык: экспорт жана инвестициялар” темасында панелдик жыйын уюштурулду.
Аталган иш-чарага Кыргызстандые Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун вице-консулу Эсен Алмасбеков катышып, Кыргызстандын инвестициялык жана энергетикалык потенциалы тууралуу маалымат берди.
Панелдик сессиянын жүрүшүндө өлкөнүн энергетика тармагындагы артыкчылыктары, калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар тааныштырылды.
Иш-чарага Түркия жана түрк мамлекеттеринен келген мамлекеттик органдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө энергетика, электр жарыктандыруу жана акылдуу технологиялар тармагындагы 200дөн ашуун компания өз продукцияларын жана инновациялык чечимдерин сунуштады.
