президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
25 апрель
Кызыл-Кыяда курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкана ишке кирет
Кызыл-Кыя шаарында курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 24-апрелде облус башчысы Мамыржан Рахимов ишкананын абалы менен таанышты.
Аталган ишкана буга чейин бир нече жыл иштебей токтоп турган. Учурда объект толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жабдуулар орнотулууда.
Ишкана жакынкы мезгилде ишке кирүүсү пландалууда.
"Ишкана ишке берилген соң, газоблок, ротбанд, шпаклевканын бардык түрлөрү, кафель желими, наливной пол жана ар түрдүү боёк материалдары өндүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
