Ош облусуна индиялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев бүгүн, 27-мартта Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жолгушууда И.Ташбаев меймандарды жылуу тосуп алып, Ош облусунун стратегиялык маанисин, анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана индиялык өнөктөштөр менен кызматташуунун келечегин белгиледи.
Ал өз сөзүндө облус айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана тоо-кен тармактарын активдүү өнүктүрүп жатканын жана экологиялык таза өндүрүштү өнүктүрүүгө, туризмди колдоого өзгөчөкөңүл бурулуп жатканын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.
Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, Ош облусуна индиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле агро өнөр жай комплекси, IT-индустрия, медицина, билим берүү тармактарында тажрыйба жана технологиялар менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Индиянын элчиси жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, индия тараптын Ош облусу менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Ал Индия Кыргызстан менен экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даяр экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө ишеним билдиришип, Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.
