
МСК: Кыйыр салыктар боюнча отчеттук системага жаңы функция киргизилет
Салык кызматы кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү жана КРнын Салык кодексинин 320-беренесинин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кыйыр салыктар боюнча отчеттуулук системасына жаңы функцияны киргизет.
Жакынкы убакта кыйыр салыктар боюнча отчеттун "2-тиркемесиндеги" маалыматтардын товарларды ташып кирүү жана салыктарды төлөө жөнүндө арыздардагы маалыматтар менен шайкештигин автоматташтырган текшерүү киргизилет. Арыздын номери, акциздин суммасы, КНС жана товарлардын наркы сыяктуу маалыматтар текшерүүгө алынат.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү отчетторду түзүүдө көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын кылдат текшерүүгө чакырат. Кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр болбошу үчүн кыйыр салыктар боюнча отчету өз убагында, импорт айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берүү керек.
Отчетту алдын ала тапшыруу менен, система аны четке какса (туура эмес толтурулган учурда) салык төлөөчүлөрдүн аны оңдоого убактысы болот.