сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
26 июль
Кыргызстанда уй этинин орточо баасы 800 сомдон ашты
24-июлга карата Кыргызстанда уй этинин орточо баасы бир килограммы үчүн 807,5 сомго жетти.
Июнь айындагы орточо баа (783,6 сом) менен салыштырганда, уй эти болжол менен 3%га, же дээрлик 24 сомго кымбаттады.
Эң жогорку баа Балыкчы жана Нарын шаарларында катталып, уй этинин бир килограммы орточо 850 сомдон сатылды.
Манас айылында баа 834,1 сом, Бишкекте – 820,3 сом, Чаекте – 820 сом, Кара-Сууда – 810 сом, Ошто – 805 сом болду.
Эң арзан баа Ноокатта катталып, бир килограмм уй эти 700 сомдон сатылды. Манас районунун Семетей айылында баа 720 сом, Таласта – 740 сом, Кербенде – 745 сом болду.
Эң жогорку жана эң төмөнкү баанын айырмасы бир килограммына 150 сомго жетти.
