Кыргызстанда 2026-жылдын 3 айында айыл чарбанын дүң өндүрүмү 47 млрд 923 млн сомго чыкты
25 апрель

Кыргызстанда 2026-жылдын 3 айында айыл чарбанын дүң өндүрүмү 47 млрд 923 млн сомго чыкты

Министр Эрлист Акунбеков министрликтин кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, анда быйыл 3 айда айыл чарбанын дүң өндүрүмү 47 млрд 923 млн сомго чыккандыгы айтылды.

Январь–март айларында айыл чарба продукциясынын ички дүң өнүмү 47 млрд 923 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырмалуу өсүү темпи 102,8% түздү.

Жалпы көлөмдүн көбүн - 98,0% мал чарба тармагы , өсүмдүк өстүрүүчүлүк – 1,5%, айыл чарбага кызмат көрсөтүүлөр – 0,3%, балык чарба – 0,2% тармактагы ички дүң өнүмдү камсыздады.

Былтыркы үч айга салыштырмалуу мал чарбасы 2,8%, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 1,2% өсүштү камсыздады. Бодо малдын башы 1,8 млнго жетип, өсүш 1,7%га, кой-эчки 6,3 млн болуп, анын саны 0,8%га көбөйгөн. Жылкынын башы 565,9 миң башты түзүп, өткөн жылдын 3 айына караганда 2,3%га көбөйгөн.

Үй канаттуулары 8,5 млн башка жетип, өсүш өткөн жылдын 1-кварталына салыштырганда +11,9% түзүдү.

2026-жылдын 3 айындагы эт, сүт жана жумуртка өндүрүмү:

  • эт – 100,3 миң тонна (+2,0%)
  • сүт – 298,9 миң тонна (+2,5%)
  • жумуртка – 201,9 млн даана (+24,6%)

Бир уйдан орточо саалган сүт 368 кг болуп, өсүш 2,5%га, тоок тукумдуулугу 50 даанага жетип, өндүрүмдүүлүк 22%га өстү.  Жыйынтыгында, айыл чарба тармагында, айрыкча мал чарбасында туруктуу өсүү тенденциясы сакталууда.