Кыргызстанда финансы секторунун уюмдарынын кирешеси эки эседен ашык өстү
Улуттук статистика комитети финансы тармагынын көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди.
2026-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 483 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 24 коммерциялык банк, 439 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 19 камсыздандыруу уюму иш жүргүздү. Аларда иштегендердин саны 32 миңге жакын адамды түздү.
Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы өткөн жылдын ушул эле күнүндөгү кардарлардын санына салыштырмалуу дээрлик 6 миллион эсепке көбөйүп, 2026-жылдын март айынын аягына карата 23 миллиондон ашты. Анын кеңейиши, негизинен, банк кардарларынын санынын өсүшү (эсептердин 5,7 миллионго көбөйүшү) менен шартталды.
2026-жылдын I кварталында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 81 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,7 эсеге көбөйдү, бул негизинен банк сектору менен камсыздалды.
2026-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 60%ын түздү, ал эми уюмдардын 18%ы чыгым тартты.
2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 35 млрд. сомдон ашык сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын үч айында пайданын эң чоң өсүшү Улуттук банкта катталган.
