Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө
18 декабрь

Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен Афганистан соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Соода миссиясынын алкагында Кабул шаарында КР СӨП жогорку деңгээлдеги расмий жолугушууларга катышты.

Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев катышты.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ишкерлердин түз байланыштарын колдоого, ошондой эле экспорт, инвестиция жана өнөр жай кооперациясы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке кол коюу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп, афган рыногунда кыргыз бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы мындан ары да ата мекендик ишкерлердин кызыкчылыктарын эл аралык рыноктордо илгерилетүү боюнча системалуу ишин улантат.