Кыргызстан жана ЕЭК электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселесин талкуулашты
Кыргызстандын финансы министри Руслан Суйналиев 5-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү - атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушууда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара кызматташтык, тиешелүү укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы өз ара кызматташтыкты улантууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын жалпы рыногун өркүндөтүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
