сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
6 август
Кыргызстанда жарым жылда 7,6 млрд сомго жеңилдетилген насыялар берилди
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жалпы 7 млрд 606,1 млн сом көлөмүндө жеңилдетилген насыялар берилди.
Ведомстводон кабарлашкандай, насыялар «Элдик Банк» ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында берилди.
2026-жылдын алты айында төмөнкү программалар боюнча каржылоо жүргүзүлдү:
- «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө (АКК)» – 937 насыя, жалпы суммасы 1 млрд 885,9 млн сом;
- «Айыл чарбасын каржылоо – 14» – 4 363 насыя, жалпы 2 млрд 629,3 млн сом;
- «Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» – 125 насыя, жалпы 549,7 млн сом;
- «Мөмө-жемиш питомник чарбасын өнүктүрүү» – 1 насыя, 300 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин каржылоо – 259 насыя, жалпы 2 млрд 504,9 млн сом;
- «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» – 5 кредит, жалпы 36 млн сом.
Жалпысынан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында 5 690 насыя берилип, алардын жалпы көлөмү 7 млрд 606,1 млн сомду түздү.
