Кыргызстандын жеңил өнөр жай ишкерлери JUKI жапон компаниясынын тажрыйбасын үйрөнүүдө
14 июль

Кыргызстандын жеңил өнөр жай ишкерлери JUKI жапон компаниясынын тажрыйбасын үйрөнүүдө

2026-жылдын 13-июлунда Токио шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана ата мекендик тигүү ишканаларынын өкүлдөрү менен жапондук JUKI компаниясынын президенти Ацуши Нарикаванын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын технологиялык жактан жабдуу жана модернизациялоо багытында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап JUKI компаниясына Кыргызстандагы түз катышуусун кеңейтүү, анын ичинде өнөр жайлык тигүү жабдууларын тейлөө үчүн сервистик жана техникалык инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова сервистик тейлөөнү өнүктүрүү, запастык бөлүктөр менен ыкчам камсыздоо жана техникалык колдоого жеткиликтүүлүк ата мекендик тигүү ишканаларынын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсү үчүн маанилүү шарттардын бири экенин белгиледи.

Компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышуу алкагында 2026-жылдын 14-июлунда делегация JUKI компаниясынын Тотиги префектурасында жайгашкан өндүрүштүк жайларына барды. Катышуучулар өндүрүш процесстери, заманбап технологиялык линиялар, автоматташтыруу системалары жана өнөр жайлык тигүү жабдууларынын сапатын көзөмөлдөө процесстери менен таанышты.

Ишканага болгон сапар кыргыз тарапка JUKI компаниясынын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүгө, ошондой эле ата мекендик тигүү ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүшкө заманбап жапондук чечимдерди киргизүү жана техникалык адистерди даярдоо багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого шарт түздү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты. JUKI компаниясы кыргыз тарап менен кызматташууну улантууга жана Кыргыз Республикасынын тигүү өнөр жайын өнүктүрүү, технологиялык жабдуу багыттарында келечектүү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.

Маалымат  үчүн:

2026-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги Кыргызстандын тигүү тармагынын өкүлдөрү үчүн Жапониянын алдыңкы компаниялары менен тажрыйба алмашуу программасын уюштуруу боюнча макулдашкан.

JUKI Corporation 1938-жылы негизделген. Компания 1945-жылы тиричилик үчүн тигүү машиналарын чыгаруу багытындагы ишмердүүлүгүн баштап, алгачкы машиналарын 1947-жылы чыгарган. Бүгүнкү күндө компания өнөр жайлык тигүү машиналарын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат жана тигүү жабдууларын сатуу көлөмү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет. JUKI дүйнө жүзүндөгү тигүү ишканалары үчүн жогорку технологиялык чечимдерди сунуштап, өндүрүштү автоматташтыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу багытында иш алып барат.