Ош шаардык прокуратурасында ишкерлер менен укук коргоо органдарынын жолугушуусу өттү
Ош шаардык прокуратурасында 26-мартта ишкерлердин катышуусунда жыйын өтүп, ишкерлердин укуктарын коргоо жана салык мыйзамдарындагы жаңы өзгөртүүлөр боюнча талкууланды.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев, Ош шаардык салык кызматтын жетекчисинин орун басары Мирбек Тагаев, шаардык жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйында ишкерлерге текшерүү жүргүзгөн учурда ачык-айкындуулукту камсыздоо, бизнеске административдик басымды азайтуу максатында иштелип чыккан «Бизнес Коргоо» мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча түшүнүктөр берилди.
Жыйын жалпысынан суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу, көзөмөлдөөчү органдардын өз ара аракеттенүүдө орун алган маселелерди чечүү боюнча сунуштарын айтышты.
