Кыргызстан менен Өзбекстан өндүрүмдүүлүк тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту
Экономика министрлиги
1 апрель

Кыргызстан менен Өзбекстан өндүрүмдүүлүк тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

Ташкент шаарында 1 аймактык жана эл аралык «Борбордук Азия: өндүрүмдүүлүктөн гүлдөп өнүгүүгө. Регионалдык диалог» форуму болуп өттү.

Аталган форумга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов жана министрликтин өнөр жай тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Шаршенова катышып келишти.

Бул форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды алмашууга, ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнес коомчулугу жана эксперттик чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган биринчи регионалдык аянтча болуп, аймактык кызматташууну күчөтүүгө өбөлгө түздү.

Форумдун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосунда өндүрүмдүүлүк тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Борбордук Азияда өндүрүмдүүлүк тармагындагы кызматташуу боюнча Ташкент декларациясы.

Мындан сырткары, Джизак жана Самарканд облустарына иш сапар уюштурулуп, курулуп жаткан өзбек-кытай индустриалдык паркынын, алюминий профилдерин чыгаруучу заводдун, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу заводдун, ошондой эле автотранспорт каражаттарын кураштыруу жана өндүрүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.