Кыргызстан БУУнун аянтчасында СПЕКАга төрагалыктын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады
14 июль

Кыргызстан БУУнун аянтчасында СПЕКАга төрагалыктын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады

Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасына (СПЕКА) катышуучу мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмеси болуп өттү. Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз Республикасы СПЕКАга төрагалык кылууда.

Кеңешмени ачып жатып, Бакыт Сыдыков деңизге түз чыга албаган СПЕКАга катышуучу мамлекеттер үчүн транспортту, логистиканы жана чек ара аркылуу жүк ташууларды натыйжалуу уюштурууну өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ болуп, туруктуу экономикалык өсүштүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө министр Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады. Алардын катарына туруктуу транспортту жана логистиканы өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү, электрондук коммерцияны илгерилетүү, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында биргелешкен чек аралык долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

Министрдин айтымында, БУУнун укуктук инструменттерин жана стандарттарын колдонуу менен Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун алкагында маалыматтар жана документтер менен мультимодалдык алмашууну санариптештирүү боюнча СПЕКАнын Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле Кыргызстан СПЕКАга мүчө мамлекеттердин 2027-жылга чейин жүк ташуулар боюнча электрондук маалыматтарды БУУнун эл аралык стандарттарына ылайык колдонууга өтүүсүн колдойт.

Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташтыкты чыңдоого, Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө, кагазсыз чек аралык сооданы илгерилетүүгө жана СПЕКАнын көп тараптуу максаттуу трасттык фондунун механизмдерин өркүндөтүүгө берилгендигин ырастады.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга жана СПЕКАнын иш-чараларына катышуусу өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы улуттук артыкчылыктарын илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.