Түлөбаев айыккыс оорулардын жашарып баратканынын бир себеби катары малды туура эмес багууну айтты
7 апрель

Түлөбаев айыккыс оорулардын жашарып баратканынын бир себеби катары малды туура эмес багууну айтты

Депутат Балбак Түлөбаев ар кандай оорулардын жашарып кетишинин бир себебин малды туура эмес багуудан көрөт. Ал бул тууралуу ЖКнын агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүу комитетинин жыйынында билдирди.

Ал илгерки убакта согумга даярдалган мал арпа жана сулу менен багылганын, азыр фермерлер буудайга өтүп алышканын айтты.

«Буудай мал үчүн оор келет, ошондо, анын эти да адамдарга оор болуп калат. Ошонун айынан, ар кандай оорулар көбөйүп жатат. Анан да малга ар кандай вакцина сайып жатышат, мисалы, “Нитокс” деген дары. Ал абдан зыян, аны Кыргызстанда колдонууга тыюу салышыбыз керек. Ушундай туура эмес өндүрүлгөн азыктарды жеп жатып, оорулар жашарып баштады. Кант диабети, боор циррозу жаштардан да көп табылып жатат. Биз муну токтотушубуз керек», – деди депутат.

Ал ошондой эле, өлкөдө ветеринардык врачтар жетишпей жатканын белгилеп, ар бир айыл өкмөтүнө бирден ветврач дайындоону, аларды келишимдик негизде эмес, штатка ишке алууну сунуштады.