Жапаров: Кыргызстан менен Росссиянын соода жүгүртүүсү $4 млрд жакындады
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 август

Жапаров: Кыргызстан менен Росссиянын соода жүгүртүүсү $4 млрд жакындады

Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына видеокайрылуу жолдоп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Россияны стратегиялык өнөктөш жана өнүгүү жолундагы ишенимдүү шерик катары карай турганын баса белгиледи.

Анын айтымында, эки тараптуу соода-экономикалык байланыштардын өсүшү тандалган багыттын туура экенин көрсөтүп турат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 4 млрд долларга жакындады.

Кыргызстанда орус капиталынын катышуусундагы компаниялардын саны 1,8 миңден ашты. Ошондой эле Россиянын рыногу ата мекендик продукцияны экспорттоо үчүн негизги багыттардын бири бойдон калууда.

Жапаров Россия Кыргызстан экономикасына ири инвестиция салган өлкөлөрдүн катарына кирерин жана стратегиялык маанидеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышып жатканын белгиледи.

Президент Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердигине да өзгөчө токтолду. Анын айтымында, фонд миңдеген долбоорлорду каржылап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түздү.

Фонддун кошумча капиталдаштырылышы келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө жаңы дем берет.