Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда курулуш тармагындагы ири долбоорлор тааныштырылды
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 6-августта VIII Кыргызстан-Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясы өтүүдө.
Анын жүрүшүндө КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан өлкөнүн курулуш тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү чагылдырган атайын көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөгө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери, инвесторлор жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш министри Нурдан Орунтаев ардактуу конокторго Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык курулуш долбоорлорун тааныштырды.
Көргөзмөдө борбор калаада жана Ысык-Көл аймагында курулуп жаткан турак жай комплекстери, көп функционалдуу шаар куруу долбоорлору, эл аралык мейманкана комплекстери жана курорттук инфраструктуралар тааныштырылды. Алар: “Ала-Тоо Парк”, “Урпак Резорт”, “Монте-Карло”, “Абу-Даби”, “Ала-Тоо”, “Елизавета Резорт”, “Энесай Towers”, “Тамчы Резорт, “Москва”, “Domra Art”, “Ак-Бермет SPA & Wellness Resort”, “Асман Резиденс” (Radisson Blu), “Ак Кеме I-K Резорт” жана “Swiss Collection”.
Министр долбоорлордун архитектуралык өзгөчөлүктөрү, заманбап курулуш технологиялары, инженердик чечимдери жана алардын инвестициялык, социалдык мааниси тууралуу маалымат берип, бул долбоорлор өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө, заманбап шаар чөйрөсүн калыптандырууга, туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Уюштурулган көргөзмө Кыргызстандын курулуш тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү эл аралык деңгээлде таанытууга, инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү.
