Минфин: Экологиялык долбоорлорго 50 миллион сомго чейин кредиттер берилет
www
9 июнь

Минфин: Экологиялык долбоорлорго 50 миллион сомго чейин кредиттер берилет

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы менен өлкөдөгү кичи жана орто ишкерчиликти өнүктүрүү максатында ушул жылдын 26-февралында макулдашууга кол койгон. Бүгүн, 9-июнда аталган макулдашуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды. 

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун маалыматына караганда, макулдашууга кол коюлганга чейин Финансы министрлигинин Дүйнөлүк банк менен биргеликте чакан жана орто ишкерчилик үчүн финансы рыногун туруктуу өнүктүрүү максатында 120 миллион доллар түзгөн долбоору талкууланган.

Учурда ага кошумча Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар кош каржылоо тартылууда. 

Акжолов билдиргендей, кредит 32 жылга алынат жана анын 7,5 жылы жеңилдетилген мүнөздө. Пайыздык чени өзгөрмөлүү, бүгүнкү күнгө карата – 1, 5 пайыз. Министрдин орун басарынын айтымында, каражат чакан жана орто бизнес ээлерине төмөнкүдөй шарттарда берилет: 

“100 миң сомдон 50 миллион сомго чейин. 5 жылдык мөөнөттө. Пайыздык чени – 8 %. Бул пайыздык ченге коммерциялык банктардын – 4 пайыздык үлүшү, мамлекеттик өнүктүрүү банкынын – 3 пайызы жана валюталык тобокелчиликтерге – 1 пайыз каралган.  Каражат жашыл жана экологиялык жактан туруктуу, айлана-чөйрөгө зыяны аз долбоорлорду колдоого багытталат”, - деди Нурбек Акжолов.