Кара-Кулжада эски жер көчкү активдешип, кооптуу абал жаралган
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Рысбай Абдыкадыров айыл аймагынын Сагын уулу участкасында бүгүн, 24-февралда эски жер көчкү активдешкени байкалып, бир турак жайга кооптуу абал жаралганы аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча атайын шаймандардын жардамында (GNSS, дрон) жеринде изилдөө иштерин жүргүзгөн.
Натыйжада турак жайдын ээсин коопсуз аймакка көчүрүү жана кырсыктын алдын алууга багытталган сунуштарды берүү чечими кабыл алды.
