Оштогу сейил бактардын бирине жазы жалбырактуу дарактар отургузулду
Бүгүн, 12-февралда Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы сейил багына көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаар прокурору жана жергиликтүү тургундар катышты.
Сейил багына 5 түрдүү жазы жалбырактуу дарактын 300дөн ашык көчөтү отургузулду. Алар: ясень, катальпа, клен, каштан жана павловния.
Бул иштер паркты жашылдандыруу жана шаар тургундары үчүн таза, кооз эс алуу аймагын түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
