“Жашыл мурастын” алкагында Кыргызстанда 8,2 млн көчөт отургузулду
“Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында Кыргызстан боюнча 8,2 млн көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Ведомства бүгүн, 12-февралда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрү.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, министр Медер Машиев жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкери катышты.
Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы республиканын ар бир регионунда ишке ашырылып, жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып бара жаткан масштабдуу экологиялык акция болуп эсептелинет.
