Таш-Көмүрдө «Кристалл» заводунун коркунучтуу химиялык калдыктарын зыянсыздандыруу долбоору башталды
Үч тараптуу макулдашуунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Федералдык экологиялык оператор» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы («ФЭО» ФМУИ, «Росатом» мамлекеттик корпорациясына караштуу уюм) менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводунун аймагында топтолгон уулуу химикаттарды утилизациялоо боюнча долбоорду ишке ашырууга киришип жатышат.
«Кристалл» заводу советтик мезгилде поликристаллдык кремнийди жана жарым өткөргүч материалдарды өндүрүү боюнча электрондук өнөр жайдын стратегиялык объектиси катары курулган. Заводдун аймагындагы технологиялык жабдуулардын атайын металл цистерналарында 80 тоннага жакын уулуу химикаттар сакталып турат.
Уулуу химикаттарды экологиялык жактан коопсуз утилизациялоо көйгөйү акыркы 15 жылдан бери чечилбей келген. Моралдык жана физикалык жактан эскирген жабдыктар жыл сайын аймактагы экологиялык коркунучту жогорулатып, Советтер Союзунан калган мурас катары аймактагы артыкчылыктуу экологиялык милдеттердин бири болуп кала берген.
Практикалык иштердин башталышы 2026-жылдын ноябрь айына пландаштырылган — суук мезгилди тандоо утилизация процессиндеги техникалык коопсуздук талаптары менен түшүндүрүлөт.
Иштерди аяктоо планы 2027-жылга күтүлүүдө.
