АИ-92, дизель отунуна жана автогазга болгон баа мамлекеттин көзөмөлүнө алынды
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 июль

АИ-92, дизель отунуна жана автогазга болгон баа мамлекеттин көзөмөлүнө алынды

Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизелдик отундун жана суюлтулган жаратылыш газынын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча жаратылыш монополияларын жана үстөмдүк кылган түзүмдөрдүн рынокторун жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова билдирди.

Анын айтымында, кызматтын адистери мунай сатуучулардын келишимдерин, сатып алуу жана жеткирүү көлөмдөрүн, ошондой эле мунай заттарынын сатуу бааларын талдап турушат.

Ири компаниялар менен бааларды жөнгө салуу боюнча келишимдер түзүлүп жатат. Кийинчерээк мындай келишимдер аймактарда иш алып барган чакан мунай сатуучулар менен да түзүлөт.

Шустикова белгилегендей, Кыргызстанга күйүүчү майдын 95 пайыздан ашыгы Россиядан келет. Ошондуктан орусиялык жеткирүүчүлөрдүн сатуу баасынын өсүшү өлкөнүн ички рыногуна түз таасирин тийгизет.

Тышкы баалардын кескин өзгөрүүсүнүн таасирин азайтуу үчүн мамлекет компенсациялоо жана субсидиялоо механизмдерин колдонууда.

Мындан тышкары, Россиядан келген мунай заттары Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өлкөлөр ортосунда макулдашылган индикативдик баланс боюнча Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз ташылып келүүдө.