Сүрөт ачык булактардан алынды
24 июль
Жыл башынан бери Кыргызстанга 8 миң тоннадан ашык капуста импорттолгон
2026-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 8 019,9 тонна капуста импорттолду.
Импорттун жалпы наркы 201,9 млн сомду же 2,3 млн долларды түздү.
2025-жылдын январь–май айларына салыштырмалуу капуста жеткирүүнүн көлөмү 6,8%га, ал эми доллар менен эсептегендеги баасы 11,4%га азайган.
Негизги жеткирүүчү Өзбекстан болду. Ал жактан 1,7 млн долларга 6,9 миң тонна капуста келген.
Кытайдан 1 миң тоннага жакын, Казакстандан 77,5 тонна, Түркмөнстандан 18,1 тонна капуста импорттолгон.
Ошондой эле Тажикстан менен Ирандан да аз көлөмдө капуста алып келинген.
