Милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды
24 июль

Милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Ички иштер министрлигинде милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунааны тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Унааларды тапшыруу аземи Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгын майрамдоонун алдында өтүп, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Заманбап кызматтык автоунаалар кызматкерлердин жарандардын кайрылуулары боюнча окуя болгон жерге тез жетүүсүнө, калкка көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана административдик аймактардагы профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.