Нарын ОИИБ
24 июль
Соң-Көл көлүнөн 300 метрден ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды
Соң-Көл көлүнүн аймагынан жалпы узундугу 300 метрден ашык синтетикалык балык уулоочу тор аныкталып, көлдөн чыгарылды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан кабарлашты.
Торлор балык ресурстарын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында чыгарылган.
Табылган мыйзамсыз торлор белгиленген тартипте алынып, жок кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү.
