Мыйзамсыз шагыл казууга каршы рейд: мыйзам бузгандарга айыптар салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн укук тартиби, коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Манас шаарына караштуу Кыргызстан айылынын аймагындагы Көк-Арт дарыясында биргелешкен ыкчам рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө «Барсбек Коган Ко» тарабынан дарыянын нугунан мыйзамсыз түрдө шагыл-кум аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 243-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык юридикалык жакка 35 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле ушул эле берененин 4-бөлүгүнүн негизинде мыйзам бузууга катышкан жеке жаранга 13 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул колдонулду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы көзөмөл иш-чараларын мындан ары да күчөтүп, экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бардык учурларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.
